Марал Радиосу

Опузалоого шектелип, издөөдө жүргөн милиция кызматкерлери кармалды

Издөөдө жүргөн Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, капитан Т.Б.Н., майор И.И.И., капитан Э.С.Э. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Айтылган милиция кызматкерлери жана дагы бир майор Ж. уулу.Н. Оштун тургуну А. уулу С.ны «каматып жиберебиз» деп коркутуп, 400 миң сом акча сурашкан.

Атайын операциянын жүрүшүндө майор Ж. уулу Н. сураган акчанын бир бөлүгү 100 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ал УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын тергөө абагына камалып, калган шериктерине издөө жарыяланган.