Марал Радиосу

Дүйнө чемпионаты (U-23): Тайырбек Жумашбек уулу коло медалга ээ болду

61kg FS - Taiyrbek ZHUMASHBEK UULU (KGZ)

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Тирана шаарында (Албания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Спортчу 61 кг чейинки салмакта алгач 1/8 финалдык беттеште украиналык балбанды жеңсе, 1/4 финалдык беттеште азербайжандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанга жеңилген.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште индиялык спортчуну жеңип, үчүнчү орунду ээледи.