Марал Радиосу

Бишкекте бүгүн саат 12:00гө чейин троллейбустар кайрадан токтотулат

Бишкекте бүгүн саат 08:00дөн 12:00гө чейин троллейбустар каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта мындай чектөө ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына байланыштуу киргизилгендиги айтылат.

Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.