Марал Радиосу

Бишкектеги «Ожак кебап» кафеси буздурулуп жатат

Бишкек шаарынын Чүй/Шопоков көчөсүндө жайгашкан «Ожак кебап» кафеси буздурулуп жатат. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады.

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев билдиргендей, аталган кафе жөө адамдар өтө турган тротуардын аянтын ээлеп алган үчүн буздурулууда.

«Бул жер негизинен 5 жылдык ижарада болчу. Үстүбүздөгү жылдын 8-августунда комиссиянын чечими менен ижара келишими жокко чыгарылган. Андан тышкары өзүңүздөр байкагандай, тротуардын бөлүгүн ээлеп калган. Бул жерде буздуруп жатканыбыздын бирден-бир себеби: жөө адамдар үчүн тротуарды кеңейтүү. Чүй/Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине жер астынан жана үстүнөн өтө турган өтмөктөрдү курууну пландап жатабыз», — деди Нурдан Орунтаев.

Exit mobile version