Марал Радиосу

Токмоктун милиция кызматкери 178 миң сом пара алып кармалды

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, милиция кызматкери зордуктоого шектелип кармалган А.Р.ди жоопко тарттырбоо үчүн шектүүнүн атасынан 2 миң доллар пара сураган.

Бул боюнча маалымат алган УКМК кызматкерлери ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте атайын операция жүргүзүп, милиция кызматкери М.Д.К.ны 178 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн.

Милиция кызматкери УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызматкерлерди да табуу чаралары көрүлүп жатканы айтылды.