Марал Радиосу

25-26-октябрда Бишкектеги мектептер кайрадан онлайн окуйт

Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан 2023-жылдын 25-26-октябрында онлайн окутууга өтөт.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 25-26-октябрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны, 26-27-октябрда КМШ өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт.