25-27-октябрь күндөрү Бишкектин жана Чүйдүн айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жабыла турган көчөлөр:
- «Манас» аэропортунан Бишкектин кире беришине чейин;
- Фучик көчөсү Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Фучиктен Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Айтматов көчөлөрү «Ала-Арча» резиденциясына чейин;
- «Ала-Арча» резиденциясынан «Ата-Бейит» комплексине чейин.
Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн 4 миңге чукул милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
25-26-октябрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны, 26-27-октябрда КМШ өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт.