Марал Радиосу

Доллардын сомго карата курсу жогорулоодо

Бүгүн, 23-октябрдын таңына карата Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда бир АКШ доллары 89 сом 30 тыйындан башталып, 89 сом 72 тыйынга чейин жетүүдө.

Коммерциялык банктарда да бир доллар 89,72 сом болууда.

Улуттук банк доллардын сомго карата расмий курсун 89,32 сом деп белгилеген.

Өткөн жумада Улуттук банк сомдун долларга карата курсун туруктуу кармоо үчүн интервенция жасап, валюта базарына 44 млн 800 миң АКШ долларын саткан.

19-октябрда банк доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берип, акыркы убакта өлкөнүн ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын өсүшү алмашуу курсундагы өзгөрүүлөргө алып келгенин билдирген.

«Мындай тенденция өлкөнүн экономикасы үчүн мүнөздүү көрүнүш, ал сезон учурунда суроо-талаптын экономикалык жактан активдүү фазасы, жылдын төртүнчү чейрегинде керектөөнүн жана тиешелүү импорттун өсүшүнө байланыштуу», — деп билдирет өлкөнүн башкы банкы.

Улуттук банк чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлөрүн жана валютага болгон суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталарын эскертет.

2023-жылдын башынан тарта АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 4,25% өстү.

Exit mobile version