Марал Радиосу

Казакстан калкы жыл аягында 20 миллионго жетет

Казакстан калкы ушул жылдын аягында 20 миллион адамга жетет. Бул маалыматты Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева Астанада өткөн эл аралык конференцияда айтканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«2021-жылы төрөлүү саны боюнча биз акыркы 34 жылдын ичиндеги эң жогорку көрсөткүчкө жеттик. Тагыраагы, төрөлүү коэффициенти 3,3 адамды түзөт. Соңку он жылда калктын саны болжолдуу 3 млн адамга көбөйдү. 2023-жылдын аягына чейин 20 миллионго жетери болжолдонууда», — деген Аида Балаева.

Министрлик берген маалыматка караганда, Казакстанда калктын жаш узактыгы жогорулап, орточо 74 жашты түзгөн. Аны менен катар жаштардын да көбөйгөнү байкалып, 18 жаштан 32 жашка чейинкилер калктын 30%ын түзгөн.

Казакстан улуттук статистика бюросу ушул жылдын 1-сентябрына карата калктын саны 19 млн 944 миң 726га жеткенин жарыялаган.

Exit mobile version