Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, финансы министри Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы астында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» токтомдордун негизинде окутуу өткөрүлүүдө.
Анда министр президент тарабынан «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлгандыгын жана Министрлер кабинетинин «Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартиби жөнүндө» бекитилген токтому тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошону менен бирге Бакетаев мыйзамдын бул редакциясында электрондук каталог аркылуу сатып алууну кеңейтүү, комиссиянын ишин, мөөнөттөрдү кыскартуу жана бардык иш-аракеттерди электрондук форматта киргизүү жаатында мыйзамды жеңилдетүү боюнча көптөгөн иш-чаралар аткарылгандыгын белгиледи.