Марал Радиосу

Кантта 27-октябрда темир жол өтмөгү жабылат

27-октябрда саат 8:00дөн 17:00гө чейин Кант-Ивановка ашуусундагы 3802 км темир жол өтмөгү жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Оңдоо иштери Ысык-Ата районунун жол кайгуул кызматы менен макулдашылды. Айланма жол үчүн (Люксембург айылынын Совет көчөсү аркылуу) 3800 км боюнча жүргүзүлөт.