Марал Радиосу

Аба ырайы: Эртең күн ачык болот

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар себелеши мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +15…+20.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.