Марал Радиосу

«Азия Молл» соода борборунда бомба изделүүдө

Бүгүн, 19-октябрь саат 09:40 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына «Азия Молл» соода жана оюн-зоок комплексинин имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милициядан билдиришкендей, дароо окуя болгон жерге Бишкек ШИИББнын ыкчам-тергөө тобу жана райондук башкармалыктын кызматкерлери барып, жарандар эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.

Учурда тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдорунун келиши күтүлүүдө.