Марал Радиосу

Түркияда Газада көз жумгандар үчүн үч күндүк аза күтүү жарыялады

Режеп Тайип Эрдоган Газа шаарындагы оорукананы жардырууда көз жумгандар үчүн Түркияга үч күндүк аза күтүү жарыялады. Мамлекет башчынын Жарлыгына ылайык, аза күтүү 19-октябрдан 21-октябрга чейин уланат.

«Биз Түркияда палестиналык боордошторубуздун кайгысын жүрөгүбүз менен сезип жатабыз. Үч күндүк жалпы улуттук аза күтүү өлкөбүздө миңдеген шейиттерге болгон сый-урматыбыздын белгиси катары жарыяланды. Каза болгондордун көбү — балдар жана бейкүнөө жарандар», — деп жазды Эрдоган соцтармактагы баракчасына.

Режеп Тайип Эрдогандын жарлыгы менен Газадагы ооруканага сокку уруу «Израилдин айбаттуу чабуулу»деп аталды.

Газа тилкесиндеги «Аль-Ахли» ооруканасына сокку 17-октябрда болгон. Палестина бийлиги бул окуя үчүн Израилди айыптады. Израил тарап сокку палестиналык «Ислам жихад» тобу тарабынан ишке ашпай калган ракетанын учурулушунан улам болгонун айтууда. «Аль-Арабия» телеканалы өз булактарына таянып, соккудан өлгөндөрдүн саны 800дөн ашканын кабарлады. Буга чейин Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги 500 адам өлгөнүн билдирген.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги 18-октябрда кабарлагандай, акыркы маалыматтар боюнча соккудан 471 адам каза таап, кеминде 314 адам жабыркаган.

Exit mobile version