Марал Радиосу

Палестина: Газадагы ооруканага чабуулдан 471 адам каза болду

Газа тилкесиндеги Аль-Ахли ооруканасын жардыруудан 471 адам каза болгонун жергиликтүү Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Ашраф ал-Кудра билдирди.

Андан тышкары 300дөн ашуун адам ар кандай жаракат алган. «28 адамдын абалы оор, дагы 314 адам ар кандай жаракатка кабылган»,— деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Аль-Арабия» телеканалы өз булактарына таянып, соккудан көз жумгандар 800дөн ашканын билдирген. Көп өтпөй Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги 500 адам каза тапканын кабарлаган.

Палестина 17-октябрдагы оорукананы жардырууга Израилдин коргоо армиясын (ЦАХАЛ) айыптоодо. Ал эми Израил «Ислам жихад» тобу ооруканага жакын жерден Хайва шаарын көздөй ракета атышып, ал толук учпай, ооруканага түшкөнүн айтып чыгышты.