Марал Радиосу

Улуттук банк доллардын өсүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берди

Улуттук банк доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына караганда, акыркы убакта өлкөнүн ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын өсүшү байкалган. Бул алмашуу курсундагы өзгөрүүлөргө алып келди.

«Мындай тенденция өлкөнүн экономикасы үчүн мүнөздүү көрүнүш, ал сезон учурунда суроо-талаптын экономикалык жактан активдүү фазасы, жылдын төртүнчү чейрегинде керектөөнүн жана тиешелүү импорттун өсүшүнө байланыштуу», — деп билдирет өлкөнүн башкы банкы.

Улуттук банк чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлөрүн жана валютага болгон суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталарын эскертет.

2023-жылдын башынан тарта АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 4,25% өстү.

Бүгүн, 19-октябрга карата доллардын сомго карата расмий курсу 89,3200 сомду түздү. Акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда 89,37 сом болууда.

Exit mobile version