Марал Радиосу

Көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилди

25-октябрдан тарта Экономика жана соода министрлиги Кыргызстанда көмүрдүн баасын 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салууну киргизди.

Мекеме мындай чечим көмүрдүн кымбатташына жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынганын билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өкмөттүн 2023-жылдын 8-сентябрындагы токтомуна ылайык, облустардын жана Бишкек, Ош шаарларында көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээлин белгилейт.

Exit mobile version