Марал Радиосу

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан 16-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Араван райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын 4 кызматкери, Тепе-Коргон айылынын мурдагы башчысы кармалды.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын түштүк башкармалыгынын баалоо экспертизасынын жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген чыгым 36,9 млн сомду түздү.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version