Марал Радиосу

Көлбаев жана Матраимов иши: 50 бажычы иштен алынды

Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 18-октябрда кабарлады.

«Мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Асанбек менен байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери кримтөбөл Камчы Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушканы аныкталды.

Буга байланыштуу алар ээлеген кызматынан бошотулду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Exit mobile version