Марал Радиосу

«Кумтөргө» жаңы кеңсе куруу үчүн Бишкектен жер бөлүндү

Министрлер кабинети «Кумтөр Голд Компани» ЖЧКга кеңсе куруу үчүн Бишкектин түштүк тарабынан жер бөлүп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кумтөр Голд Компани» ЖЧКнын президенти Алмазбек Барыктабасов билдирди.

Депутат Алишер Козуев «Кумтөр Голд Компани» жаңы кеңсеге көчүп келдиби?» деген суроо узаткан.

Ага Барыктабасов алар көчпөгөнүн, азыр «Учкун» имаратында экенин айтты.

«Бүгүнкү күндө Министрлер кабинети бизге түштүк тараптан жер тилкесин бөлүп берди. Жылдын аягына чейин долбоор иштелип чыгып, кийинки жылы курулуш иштери башталат», — деп кошумчалады ал.