Марал Радиосу

Бишкектеги беш отун базасында көмүр 4700 сомдон сатылууда

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан 4700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулду. Көмүр вагондор жана оор жүк ташуучу унаалар менен ташылып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2-сентябрдан баштап күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр ташылып келүүдө. Бишкектин тургундары 4700 сомдон сатылып жаткан көмүрдү төмөндөгү даректерден алса болот:

-Мурманская 126;

-Алыкулов 6 б;

-Алматинская-Обьездная (кесилиште);

— Төмөнкү Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).

-Ден Сяопин, 306 б дареги.