Марал Радиосу

Бишкекте коомдук транспортторго жол кире бирдиктүү 20 сомдон болот

Бишкек мэриясы коомдук транспортторго жол кирени 20 сомго чейин көтөрөт. Шаардык кеңештин бул багыттагы токтомунун долбоору мэриянын расмий сайтына жарыяланды.

Менчигинин түрүнө карабастан транспорттун бардык түрүнө: автобустарга, кичи автобустарга жана троллейбустарга бирдиктүү тариф белгилөө сунушталууда.

Автобус жана троллейбустарда салмагы 40 килограммдан ашык же көлөмү 50×60×100 сантиметр болгон жүктөрдү ташуу үчүн да ушундай баа коюу сунушталды.

Жол кире кымбаттаса, электрондук жол билети да кымбаттайт. Стандарт билет айына 1,2 миң, мектеп окуучуларына арналганы 430 сом болот.

Муниципалдык коомдук транспортто бекер жүрүү төмөнкүлөргө каралган:

— пенсионерлер;

— I, II, III топтогу майыптыгы барлар;

— бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;

— жети жашка чейинки балдар;

— «Кыргыз почтасы» ААКнын почточулары.

Проект постановления БГК

Exit mobile version