Марал Радиосу

Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамга кол койду. Документ 2023-жылдын 6-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке ажыратууда жергиликтүү кеңештердин пикирлерин эске алуу максатында иштелип чыккан. Милдети мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүүдө да, муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке ажыратууда да бир түрдүү жол-жобону түзүү болуп саналат.

Документте муниципалдык менчикте турган мүлктү мамлекеттик менчикке ажыратуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен акысыз жүргүзүлө турган ченемдер киргизилген.

Exit mobile version