Марал Радиосу

Окуу китептерин «Учкун» ишканасы басып чыгарат

Министрлер кабинети жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоого байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитти.

Документке ылайык, «Учкун» ачык акционердик коомуна Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоого ыйгарым укук берилди.

Билим берүү жана илим министрлигине өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү жана токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү тапшырылды.

Exit mobile version