Марал Радиосу

14-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 14-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 9…11 градус болот.