Марал Радиосу

«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси камакка алынды

«Эмарк групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов камакка алынды. Бул тууралуу «Маралга» соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Ал Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 12-октябрындагы токтому менен 4-ноябрга чейин тергөө абагына киргизилди.

Акматов Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) менен айыпталып жатат.

Бир күн мурун «Авангард стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Минкеев камакка алынганы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, курулуш компаниянын жетекчисин 9-октябрда УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери кармаган. Миңкеев 4-ноябрга чейин №1 тергөө абагына киргизилген.