Марал Радиосу

Тажикстандын президенти Рахмон Кыргызстанга келди

Бүгүн, 13-октябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Эмомали Рахмон Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл КМШга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Анын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар биргелешкен документтерди кабыл алары күтүлүүдө.

Exit mobile version