Марал Радиосу

Бишкекте тоннасы 4 миң 700 сомдон көмүр сатыла баштады

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы учурда калкка жана Бишкек ЖЭБине көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу иштерин графиктин алкагында жүргүзүүдө.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, ишкананын Ден-Сяопин, 306 б дарегиндеги кампасында көмүр 4700 сомдон сатылып жатат. Бүгүнкү күндө ал жерде 800 тонна көмүр бар.

Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4700 сомдон көмүр келери күтүлүүдө.

— Мурманская, 126;
— Алыкулов, 6 б;
— Алматинская-Объездная (кесилиште);
— Төмөнкү Аларча айылы (Курманалиев көчөсү б/н).

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында сатып алууну эске салат.

Exit mobile version