Марал Радиосу

Египет Газа секторундагы качкындар үчүн коридор ачуудан баш тартты

Египет Газа секторундагы бомбалоодон жабыркаган качкындар үчүн коридор ачууга макулдук берген жок. Бул тууралуу  Reuters агенттиги АКШ менен Египеттин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кеп болгонун жеке булактарына таянып жазды.

«Расмий Каир Газа секторундагы палестиндиктердин «өз жерлерин коргоо аракетин» колдой турганын, мындан улам алардын ишине аралашпоо туура кадам экенин билдирген», — деп жазат Reuters.

Буга чейин АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан АКШ Газа секторундагы жай тургундар үчүн Египетке тынчтык коридорун ачуу сунушталганын билдирген болчу.

Газа секторунда 2,2 миллион калк жашайт. Учурда Израиль бийлиги Газа секторун толук курчоого алып, суу, электр жарыгы, азык-түлүк жеткирүү жолдорун толук жапкан. Ал арада Израилдин абадан жасаган соккуларынан улам каза болгондордун саны күн санап өсүүдө.

Exit mobile version