Марал Радиосу

«Авангард стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Бишкектеги «Авангард стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Минкеев камакка алынды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, курулуш компаниянын жетекчисин 9-октябрда УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.

Миңкеев 4-ноябрга чейин №1 тергөө абагына киргизилген.

Аны кармап кетүүнүн себептери, кандай айып коюлуп жатканы боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек.