Марал Радиосу

Бишкекте Жапаров менен Путиндин расмий жолугушуусу өттү

Бишкекте президент Садыр Жапаров менен расмий иш сапары менен келген Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуусу өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстан жана Орусиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилип, килемдер төшөлдү.

Өлкө лидерлери саламдашкандан кийин эки мамлекеттин гимндери жаңырып, Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан соң мамлекет башчылары түзүмдү кыдырып чыгышты.

Андан ары Садыр Жапаров менен Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырып, андан кийин Ардактуу кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын астынан салтанаттуу өтүштү.

Андан соң тар жана кең чөйрөдөгү жолугушууга кирип кетишти.