Марал Радиосу

MEGA`нын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды

«Альфа Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясынын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

11-октябрда «Альфа Телеком» ЖАКтын мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлдү.

Электрондук сатууга катышуу үчүн эки компаниядан билдирүү түшкөн:

1. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК;
2. «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК.

«Альфа Телеком» ЖАКтын 100 пайыз мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукциондун жыйынтыгы менен «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК жеңүүчү деп табылды, ал эң көп сумманы — 14 млрд 800 млн сомду сунуштаган.

Мамлекеттик үлүштүн баштапкы баасы 14 млрд 600 млн сомду түзгөн, электрондук аукциондун кадамы 200 млн сом өлчөмүндө белгиленди.