Марал Радиосу

Жалал-Абадда Кыргызстан-Орусия достук паркы курулат (сүрөт)

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Орусия аймактарынын достук паркы курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Парк түшө турган аймакка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук капсула салышты. Андан соң бак-дарактын көчөттөрү отургузулду.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков берген маалыматка караганда, паркка коомдук иш-чараларды өткөрүүчү аянтча, веложолдор, балдар үчүн, чоңдор үчүн спорттук жана башка оюн аянтчалары түшөт.

Парк үчүн жети гектар жер бөлүнгөн. Курулуш иштерине 2 млн доллар сарпталат. Ачылыш салтанаты кийинки жылга пландалган.

Exit mobile version