Марал Радиосу

Алиев: Элди таштандыны иргөөгө үйрөтүү кыйын болуп жатат

Шаар ичинде таштандыны иргеп салуучу жайлар ондон ашты, дагы жүзгө жакын жерге орнотобуз. Бирок элди таштандыны үйүнөн иргеп алып чыгууга үйрөтүү кыйын болуп жатат. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, түшүндүрүү иштери алгач мектептерден башталган. Азыркы учурда Ленин районунундагы мектептерди кыдырып, окуучуларга тазалык жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп жатат. Бул иш-чара белгилүү бир деңгээлде жыйынтыгын берүүдө.

«Бишкек шаарында тазалыкка көйгөй жараткан жерлер базарлар болуп эсептелет. Кээ бир көчөлөрдөн бир күндө үч жолу таштанды алып чыкканга туура келет. Негизи бир күндө бир эле жолу тазаланышы керек. Бишкек шаарынын калкы 700 миңдей болуп турганда, «Тазалык» ишканасынын жумушчулары 1500 эле. Азыр калк 2 миллионго жакындап калды. А «Тазалыктын» жумушчулары 1554тү түзөт. Ошондуктан элден арыз-даттануулар көп түшүп жатат», — деди Алиев.

Эскерте кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, резервдик кадрлар үчүн 20-25 айдоочу кабыл алынат. Айлыгы 25-30 миң сомдон башталат.

Ишкана 2023-жылдын март айынан баштап айдоочулардын эмгек акысын алардын жыйынтыгына жараша төлөй баштаган.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаары, Ала-Арча көчөсү, 74 дарегине кайрылуу зарыл.