Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: 13-15-октябрда кар жаап, үшүк жүрөт

13-октябрдан тарта аба ырайы бузулуп, тоолуу аймактарда кар жаап, түзөңдөрдө кара нөшөр төгөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Абанын температурасы түнкүсүн 0 градустан -7 градуска чейин кескин төмөндөп, көпчүлүк аймактарда үшүк жүрөт.

Шамал 12-октябрда секундасына 4-9 метр, 13-15-октябрь арасында секундасында 15-20 метр ылдамдыкта согот.

ӨКМ катаал аба ырайы күнүмдүк тириликке, үшүк жашылча-жемишке, өсүмдүктөргө зыянын тийгизиши мүмкүн экенин эскертип, калкты сак болууга чакырат.

Exit mobile version