Президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Баарлашууда күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити талкууланган.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян айрым бир жагдайлардан улам саммитке катыша албасын билдирген.
Жыйынтыгында тараптар туруктуу байланыштарды сактоого, достук маанайдагы алаканы бекемдөөгө макулдашкан.
Айта кетсек, 13-октябрда Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги кеңешме жыйыны өтөт.
СССР тарап, анын курамындагы мамлекеттер эгемендигин жарыялагандан кийин, баштапкы алаканы сактап калуу максатында 1991-жылы 8-декабрда Орусия, Беларусь, Украина «Эгемен Мамлекеттер Биримдигин» түзүүгө кол коюшкан. Ошол эле жылдын 21-декабрында бул биримдикке Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттери да кошулуп, аталышын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги деп өзгөртүшкөн. 1993-жылы Грузия да мүчөлүккө өткөн.
Мурдагы СССРдин курамына кирген Латвия, Литва, Эстония шериктештикке кошулган эмес. 2008-жылы Орусиянын кол салуусунан кийин Грузия мамлекети кайра чыгып кеткен. Ал эми Украина 2014-жылы Орусия Крым жарым аралын өзүнө каратып алгандан кийин мүчөлүктөн баш тарткан.
Учурда КМШга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрү мүчө.