Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын 10-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал элге кайрылып, мекемеге ат коюу боюнча сунуш берүүнү өтүндү.
«Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо», «Ынтымак Ордо» деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо, сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер», — деди Жапаров.
Президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушу былтыр апрель айында башталган. Жаңы салынып жаткан имараттын аянты 21 миң чарчы метрди түзөт.