Быйыл ноябрь айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети бекитти.
Маалыматка караганда, 4-5-ноябрь календарь боюнча ишемби жана жекшембиге туура келет. 6-ноябрь дүйшөмбү күн демалыш деп кабыл алынды, бирок 11-ноябрь ишемби иш күнү болот.
Ал эми 7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.