Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандардын, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, инвесторлордун, бизнес-коомчулуктун укуктарын коргоо, инвестициялык климатты чыңдоо максатында уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө жигердүү киришкенин кабарлады.
Буга байланыштуу УКМК уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн мындай фактылар боюнча УКМКга билдирип турууга чакырат.
Кыргызстанда 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кримдүйнөнүн өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамга баш ийбегендер катуу жазаланарын эскерткен. Ал буга чейин кримтөбөл Камчыбек Көлбаевге да бир нече жолу эскертүү бергенин айткан.