2023-жылдагы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ирандык активист, укук коргоочу, абактагы Наргиз Мохаммадиге ирандык режимдин өлкөдөгү аялдардын укуктарын басмырлоосуна каршы күрөшү үчүн ыйгарылды.
Норвегиялык комитеттин башчысы Берит Рейс-Андерсен лауреаттын атын жарыялап жатып, сөзүн Наргиз Мохаммади негиздеген кыймылдын урааны менен баштады – «Аялдар. Жашоо. Эркиндик».
«Наргиз Мохаммади 31 жылга эркинен ажыратылган жана мен бул сөздөрдү айтып жатканда азыр түрмөдө жатат«, — деди Рейс-Андерсен.
Наргиз Мохаммади учурда Ирандын абагында. Өлкөнүн бийликтери аны 13 жолу камакка алып, беш жолу соттоп, 31 жылга эркинен ажыраткан.
Мохаммади дагы бир Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты (2003) Ширин Эбади жетектеген укук коргоо борборунун кызматкери. Ал биринчи жолу 2011-жылы саясий туткундарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам бергени үчүн көп жылдык жаза мөөнөтүн алган.
«Мохаммади студент кезинде теңдиктин жана аялдардын укуктарынын коргоочусу катары өзгөчөлөнгөн. 2011-жылы ал биринчи жолу камактагы активисттерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү аракети үчүн камакка алынып, көп жылга эркинен ажыратылган», — деп айтылат Нобель комитетинин билдирүүсүндө.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгы Наргиз Мохаммадиге 351 талапкердин ичинен ыйгарылды. Алардын арасында Украина президенти Владимир Зеленский, климаттын өзгөрүшү боюнча активисттер жана согуш кылмыштарын иликтеген эл аралык соттор да бар.