Марал Радиосу

«Чет элдик өкүл» мыйзамы комитеттен колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 3-октябрдагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды.

Жыйынга бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү, юристтер да катышты. Алар айтылган сындарды четке кагышып, бейөкмөт уюмдар мамлекеттик органдарга ар дайым маалымат берип келишерин айтышты. Ошондой эле айрым депутаттар мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар экенин кошумчалашты.

Жыйындын башында демилгечилер даярдаган сегиз мүнөттүк бейөкмөт уюмдар жөнүндө үнсүз видео көрсөтүлдү.

Мыйзам долбоордун автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасап жатып, мамлекеттик эмес уюмдардын ачык-айкын иштеши үчүн аларды көзөмөлдөө керектиги керектигин белгилеп, «өлкөдө болгон революцияларга салымы бар» деген пикирин билдирди.

 «Ушул жерде укук коргоо органдары, активисттер отурат. Биздин мамлекет 30 жылдын ичинде үч жолу ар кандай, түрдүү багыттагы төңкөрүштөрдү башыбыздан өткөрдүк. Ошолордун бардыгын изилдеп, саясий көз караштан, эконмикалык жактан, ар тараптан көз салып караганда сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдардын, эл аралык уюмдардын салымы өтө чоң».

Нарматова өлкөдө «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам бар экенин, заман өзгөргөндүгүнө байланыштуу анын көзөмөлдөөгө күчү жетпей калганын кошумчалады.

«Бейөкмөт  уюмдар деп айтканда, ал жерге бардыгы кирет. Сырттан каржыланабы, өлкөнүн ичинен каржыланабы, кайрымдуулук фондубу, коомдук фондубу, кыскасы, мамлекеттик эмес уюмдардын баары ушул мыйзамга баш ийиши керек. Отуз миңден ашык уюм бар, бул — чоң армия. Алардын жасаган аракетин мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөп, иштин натыйжасын талап кылуу керек. Ошону үчүн биз аларды мыйзам менен тартипке алып келип, укук коргоо органдарын мыйзам менен куралдантып берүүбүз керек».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзамда бир топ кемчиликтер бар экенин айтып, Министрлер кабинетинин, Башкы прокуратуранын жана башка органдардын берген сунуштарына токтолду:

«Бул мыйзам долбоорунда бир катар кемчиликтер бар. Мисалы, Минкаб мындай сунуш берип жатат: мыйзам долбоорундагы айрым терминдерге так-анык түшүндүрмө берүү; көрсөтүлгөн кээ бир укуктук ченемдерди аткаруу жана колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келтирүү; Адилет министрлигине сунуш кылган айрым жоболорду алып салуу. Ошондой эле Башкы прокуратура жана Жогорку Сот Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы жоктугун белгилеп, мыйзам долбоорунун экинчи беренесин алып салууну сунуштоодо. Башка сунуштар да бар, ушуларды да карап, эске алып койсоңуздар».

Талкуу учурунда юрист Таттуубүбү Эргешбаева коммерциялык эмес уюмдар ачык-айкын иштээрин айтып, «каржылык отчёт бербейт» деген пикирди четке какты.

«Азыркы мыйзамдардын негизинде коммерциялык эмес уюмдар жабык түрдө үч отчёт тапшырат; биринчиси, Салык кызматына, экинчиси, Социалдык комитетке, үчүнчүсү, Статистика комитетине. Андан сырткары бейөкмөт уюмдар өзүнчө ачык отчёт берет. «Уюмдун эсеп-кысабы канча болду?» деген маалыматты Салык кызматынын сайтынан тапса болот. Дээрлик бардык коммерциялык эмес уюмдардын эсеп-кысаптары накталай эмес формада банк аркылуу жүргүзүлөт. Ошонун баарын Финансылык чалгын кызматы тыкыр карап турат. Эгерде мыйзам бузуу болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартканга чейин барышат».

Ошондой эле майып жарандарга юридикалык жардам берүү жана Министрлер кабинетинин алдындагы майыптар боюнча кеңешменин төрагасы Толкунбек Исаков мыйзамда ким чет өлкөлүк агент, ким мамлекеттик агент экени так жазылбай калганын айтты. Ал кеңешмеде майып жарандардын ар кандай саясий, социалдык маселелери караларын айтып, баарын бирдей карабай, өз-өзүнчө кароо керектигин билдирди.

«Бул мыйзамдын мазмунуна таянсак, биздин ишибиз «саясий» ишмердикке туура келип калат экен. Менин айтайын дегеним, бул мыйзам долбоорунда баары бир күрөккө салынып калган. Ошондуктан ар бирин өзүнчө жазып, аралаштырбай, баарына бирдей мамиле жасалбаса. Туура бизди да чет өлкөдөн колдоого алынган долбоорлорубуз бар. Бирок биздин негизги максатыбыз: Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо. Бизде кеңештин курамында ар кандай маселелер көтөрүлөт. Мисалы, шайлоого болгон укугу, мамлекеттик бийликке майыптыгы бар адамдардын аралашуусу боюнча да маселелер каралат, демек, булар саясий маселеге туура келип калып жатат. Ошондуктан айтылган сөз менен жазылган мыйзам бири-бирине дал келбөөдө».

Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды «чет элдик тыңчы» деп атоону сунуштаган мыйзам 2013-2014-жылдары киргизилип, бирок айрым себептерден улам каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын «чет элдик өкүл» деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

Башында автор катары Нарматова өзү жалгыз көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Коомчулуктагы кызуу талаш-тартыштардан соң бир катар депутаттар авторлуктан баш тартышкан. Мунун себебин алар документте ашыкча чектөөлөр киргизилип жатканы менен байланыштырган.

Негизги автор, депутат Надира Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбосуна ишендирип келет.

Exit mobile version