Марал Радиосу

Ташкентте Бакен Кыдыкееванын өмүр жолун чагылдырган тасма көрсөтүлдү

Ташкентте белгилүү кыргыз актрисасы Бакен Кыдыкееванын өмүр жолун, чыгармачылыгын чагылдырган даректүү тасманын бет ачары өттү.

Иш-чара ХV Ташкент эл аралык кинофестивалынын алкагында атайын аянтчада уюштурулуп, ага 80 мамлекеттен келген атактуу кино ишмерлер катышты.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин айтымында, 2023-жыл «Бакен Кыдыкеева жылы» деп жарыяланган.

«ТҮРКСОЙ Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык урматына ысымын алып жүргөн Жаш көрүүчүлөр театрына бюстун орнотуп, бардык каражатын өз мойнуна алды. Басмадан Бакен Кыдыкееванын энциклопедиясы чыгып жатат. Бул китепти чыгаруу толугу менен ТҮРКСОЙ тарабынан жүргүзүлдү. Бишкекте Кыдыкееванын урматына өткөрүлгөн «ART-ORDO – 2023» IX эл аралык театр фестивалында атайын сыйлык уюштурулду. Ошондой эле аталган фестивалга бардык Түрк дүйнөсүнөн театрларды активдүү катышууга тартты. Кыргыздын улуу актрисасы жана легендасынын ысымы дүйнө аралап баратат», — деди Султан Раев.

Ошондой эле Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар Анкара, Баку, Ашхабад, Астана, Алматыда шаарларында өтөт.

Exit mobile version