Марал Радиосу

«Салык чек». Декабрда Бишкектен 10 батир ойнотулат

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын экинчи этабы башталгандан бери 3 айда катышуучулар «Салык чек» тиркемеси аркылуу 7 млрд сомдон ашык сумманы түзгөн чекти сканерлешти. 

Бул мезгилде 45 миңден ашуун адам лотереяга жаңы кошулуп, бүгүнкү күндө катышуучулардын саны 283 миңден ашты.

Лотереянын катышуучуларына 6,3 млн ашуун ID-номер ыйгарылды.

Салык кызматы кийинки утуштар 25-30-декабрда өтөрүн, анда Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесин жүктөп алуу, каттоодон өтүү жана товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди сканерлөө жетиштүү.