Марал Радиосу

Жыл башынан бери казинодон 46 миллион сом салык түштү

Кыргызстанда ачылган эки казинону иштетүүдөн август айында мамлекеттик бюджетке 14 миллион 850 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин отчётунда айтылат.

Ал эми 2023-жылдын январь-август айларында салыктык түшүүлөр 46 миллион 350 миң сомду түздү.

Мындан тышкары букмекердик кеңселерден жана лотереялардын ишинен бюджетке 1 миллион 400 миң сом түшкөн.

Ошентип үстүбүздөгү жылдын сегиз айында казына кумар оюндарынын эсебинен 47 миллион 830 миң сомго толукталган.

Кыргызстанда казино иштетүүгө биринчи жана жалгыз лицензия май айынын башында берилген. Алгачкы лицензияны «Гранд казино» ЖЧКсы 84 миллион сомго сатып алган.

28-сентябрда «Казино Кристал» ишканасына казино иштетүү үчүн лицензия берилген.