Марал Радиосу

ӨКМ: Бишкекте дөңгөлөктөр өрттөндү

Бишкек шаарынын Свердлов районунда алдын ала маалымат боюнча Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кошумча маалымат берилет.