Марал Радиосу

Көкүрөк рагын аныктоо, маалымат берүү боюнча бир айлык жарыяланды

Жыл сайын 1-октябрдан 31-октябрга чейин дүйнө жүзүндө аялдарды көкүрөк рагы боюнча маалымдоого багытталган бир айлык өтөт.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө да ушундай өнөктүк башталды.

Аялдардын ден соолугун чыңдоо, эмчек рагын алдын алуу максатында өлкөдө 1-октябрдан 31-октябрга чейин маалымат берүү айлыгы жарыяланды.

Анын алкагында бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары алдын ала кезекке жазбастан аялдарды текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.