Марал Радиосу

Бишкектеги тез татымда уулангандардын саны 40тан ашты

Бишкектин Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым түйүндөрүндө уулангандардын саны 43 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын 23ү жаткырылган, алардын экөө жаш бала, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Мындан тышкары, 20 кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген.

1-октябрда белгилүү болгондой, Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө санитардык жана микробиологиялык изилдөөлөр үчүн даяр шаурманын үлгүлөрү, ингредиенттер алынган.

Белгиленген мыйзам бузуулар үчүн тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, жабылган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги массалык уулануудан кийин бардык тез тамактануучу жайлар пландан тышкары текшерилерин билдирди. Мекеменин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев 1-октябрда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда чукул жыйын өткөрдү.