Өлкө аймагында өткөн жума ичинде 18 998 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
25-сентябрдан 1-октябрга чейин жүргүзүлгөн рейдде мас абалында автоунаа айдаган 271 айдоочу аныкталган, тийиштүү документтери жок унаа башкарган 222 киши, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 42 адам, белгиленген ылдамдыктан ашкан 5167 айдоочу аныкталды.
Мындан тышкары жөө жүргүнчүлөр катышкан эреже бузуулар 844, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу 2717, авто ээнбаштык 5, жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу боюнча 3 учур, башка жол эрежелерин бузуу фактылары 9727.
1270 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.