Марал Радиосу

«Айыл чарбасын каржылоо-11». Дыйкандарга 3,2 млрд сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоорунун алкагында 2023-жылдын 28-сентябрына карата дыйкандарга жалпы 3 миллиард 273 миллион 115 миң сом насыя берилген.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өсүмдүк өстүрүүгө категориясы боюнча жалпы суммасы 860 млн 688 миң сомду түзгөн 2052 кредит берилген.

Мал чарбасына 2 миллиард 412 миллион 427 миң сомду түзгөн 5 миң 235 насыя берилген.