Марал Радиосу

Бишкекте тез татым жайында массалык уулануу катталды

Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15 адам Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, алардын экөө жаш балдар. Дагы алты адам амбулатордук дарыланууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө санитардык жана микробиологиялык изилдөөлөр үчүн даяр шаурманын үлгүлөрү, ингредиенттер алынган.

Белгиленген мыйзам бузуулар үчүн тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, жабылды.